Отомбаева Бермет Сандыбаевна

Директор

22.12.1977-жылы Ново-Константиновка айылында төрөлгөн. Эмгек жолу  1997-жылы О.Элебесов атындагы жалпы орто билим берүү мектебинен башталган. Учурда мектеп жетекчилигинин жана кыргыз тили жана адабияты мугалими болуп эмгектенүүдө. Билим берүүгө койгон максаты: келечекте окуткан окуучулары өз ордун турмушта татыктуу табып,ыймандуу, эл керегине жараган инсан болуп чыгышы.

Алдыңкы иш-тажрыйбалуу мугалим. Жаш муундарды окутуп тарбиялоодо кошкон салымы чоң. 2018-жылы Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин «Ардак грамотасы» менен сыйланган.