Биз жөнүндө

Мектептин тарыхы

Биз жөнүндөО.Элебесов атындагы жалпы  орто билим берүү мектеби 1970-жылы ОШ-60 тибинде щитовой, щифер менен жабылган,сыйымдуулугу 160 орундук болуп салынган. Алгач 1970-жылы  Улуу Октябрдын 60 жылдыгы атындагы  8-жылдык  мектеби болуп ишке киргизилген. 1989- жылы ушул эле мектеп 10-жылдык мектеп болгон. Ак-Суу райондук мамлекттик администрациясынын  1992-жылдын 17-ноябрдагы токтомунун негизинде жана эл депуттатарынын Кереге-Таш айылдык кенешинин 21- чакырылышынын кезексиз 11 -сессиясынын 1992-жылдын 19-ноябрдагы чечиминин негизинде мектепке Осмон Элебесовдун ысымы ыйгарылган. Ошондон кийин 1992-жылдан тартып  О.Элебесов атындагы  жалпы орто  билим берүү мектеби болгон.

Элебесов Осмон 1895-жылы Чоӊ Жергез айылында орто чарба үй-бүлөдө  туулган. Ал алгачкы интеллигент, өз айылына чоӊ салым кошкон белгилүү инсан болгон. Билимдин зор маанисин түшүнүп, Чоӊ Жергездеги өзүнүн үйүн башталгыч мектеп кылып балдарды окутууга берген.Ал эми айылындагы тири карак бир топ балдарды Каракол шаарынан билим алуусуна түрткү болуп,өз үйүнө жаткызып окуткан.

Мектеп бир кабаттуу. 7 класс кабинети,китепкана  жана усулдук кабинет бар. Абалы авариялык.

Биз жөнүндөМектепке кийин 1987-1988-жылы кошумча эки бөлмө курулган.Ал жер азыркы убакта актовый зал жана мектеп ашканасы болууда. Мектептин жылытуу системасы электр менен.

 

 

 

 

Биз жөнүндө2013-жылы Пионер айылына 1-4-класстар үчүн мектептин филиалы ачылган. Ал жерде 1-4-класска чейин окуп, 5-класстан баштап Ново–Константиновка айылындагы мектепте окушат.

2022-2023-окуу жылында 315 окуучу окуйт. 30 мугалим эмгектенет. Анын ичинен жогорку билимдүү мугалимдер-25, атайын орто билимдүүлөр-5 мугалим. 1-5 жыл иштегендер -9, 5-15жыл иштегендер -10, 15 жылдан ашык иштегендер-11 мугалим. «Билим берүүнүн мыктысы» төш белгисин 4 мугалим алган.

 

 

Юридикалык дареги: Ново-Константиновка айылы ,  Жумаш агай көчөсү №1.

Телефондор :  0702453472

Мектептин жалпы проекти боюнча сыйымдуулугу – 160

Мектепте окуп жаткан окуучулардын саны -315

Класс  комплектисинин  саны  -16

Кабинеттердин саны – 7

Мектептин иштөө режими:

Смена- 2 смена

Күндөрдүн саны- 5 күн

Жумасына  сабактын узактыгы- 45 мин

Мектептин миссиясы

Ата-энелер, коомчулук менен кызматташтыкта окутууну, тарбия берүүнү жүргүзүп, Мамлекеттик стандарттык программаларды толук өздөштүргөн билимдүү,компетенттүү, мекенчил бүтүрүүчүлөрдү тарбиялоо.

Мектептин милдети

Турмуштук жана кесиптик жактан ыкчамдуу инсанды калыптандырууга багытталган мектептин окуучуларынын билимдеринин заманбап сапатын камсыз кылуу.

Мектептин максаты

  • Окуу –тарбиялоо чөйрөсүн түзүү, өнүгүүсүнө салым кошуу:
  • окуучунун таанып-билүү активдүүлүгүн, чыгармачылык жөндөмдүүлүгүн, демилгелүүлүгүн өнүктүрүү;
  • мектеп окуучуларынын жарандык көз карашы, ички жан дүйнөсү, маданияты, өз алдынчалуулугу, толеранттуулугу, коомдо өз ордун табуу;
  • жөндөмдүүлүгүн  калыптандыруу;
  •  маалымат –технологиялары менен  даярдыгы бар билимдүү , маданияттуу, өзүн-өзү өнүктүрө алган инсанды тарбиялоо;
  • окуучунун  кесипти тандоосуна туура багыт берүү:
  • сергек жашоону жайылтуу;
  • психологиялык жагымдуу маанай түзүү