Социалдык — психологиялык кызмат

Социалдык педагог: Токоноева Мира Муратбековна

Билими: жогору, КМУ-орус тили жана адабияты мугалими, олигофренопедагог

Байланыш телефону:0700-114-050

Иштөө мөөнөтү: 8.00-16.00

Соц.педагогдун негизги функциялары:

1Билим берүүчү-тарбиялык. Балдардын жана өспүрүмдөрдүн  жүрүм-турумуна жана ишине максаттуу педагогикалык таасир берүүнү камсыз кылуу.

2.Диагностикалык. Балдардын, үй-бүлөнүн, социалдык  чөйрөнүн жекече өзгөчөлүктөрүнө жана социалдык-тиричиликтик  шарттарына иликтөө жүргүзүү менен “социалдык”диагноз коюу, балага оң жана терс таасирлерди жана ар кандай түрдөгү көйгөйлөрдү  аныктоо.

3.Уюштуруучулук. Социалдык-педагогикалык жардам берүү, тарбия берүүгө колдоо көрсөтүү маселелердин  чечүүдө, пландарды жана программаларды ишке ашырууну өнүктүрүүдө балдардын жана өспүрүмдөрдүн, педагогдордун  коомдук иштерин уюштуруу.

4.Божомолдук жана эксперттик. Конкреттүү микросоциумду социалдык жактан өнүктүрүу процессин программалоо, алдын ала божомолдоо, долбоорлоо, социалдык иштер боюнча түрдүү институттардын иштерине катышуу.

Кимдер менен иш алып барат:

-Ата-эне

-ИДН

-Психолог

-Кызматташа турган уюмдар (балдарды коргоо ж.б.)

-Мектеп администрациясы

-Жакын туугандары

-Класс жетекчи

-Окуучу

-Чөйрө

Билим берүү мекемесинин өз ара аракеттешүү субъекттери: 

Социалдык - психологиялык кызмат 

 

Социалдык педагогдун иш алып баруусу.

  • Окуу жылынын башында аткарылуучу иш-чаралардын иш-планын түзүү.
  • Мектептерде өткөрүлүүчү социалдык-педагогикалык ишмердүүлүктүн нормативдик-укуктук негизи тууралуу маалыматты топтоо жана изилдөө.
  • Райондук билим берүү башкармалыгынын соц.педагогика маселелери боюнча иштеген адистер менен, райондук милиция бөлүмүнүн жашы жете элек өспүрүмдөр менен иш алып барган инспектор менен, кароосуз калган балдарды реабилитациялоо борборунун кызматкерлери, психологдор менен байланыш түзүү
  • Мектепте окуган томолой жетим, жарым жетим, толук эмес үй-бүлөлөрдүн балдарынын жана башка социалдык категорияларга кирген балдардын далилдөөчү справкаларын топтоо жана алар менен иш алып баруу.
  • Областтык жана райондук семинарларга катышуу
  •  Профилактика  кеңешменин  отурумдарына катышуу
  • Окуу жылына пландаштырылган рейддерди соц.кызматкерлер жана ИДН, класс жетекчилер менен бирдикте жүргүзүү.
  • “Ишеним почтасынын ” ишин жандандыруу , ал боюнча иш алып баруу.
  • Социалдык жардамга жана моралдык колдоого муктаж балдар менен иш алып баруу, учетко алуу, жардам көрсөтүү. Жардамга муктаж балдардын абалын талдоо, жардам көрсөтүү.
  • Тренингдерди мугалимдерге жана окуучуларга өткөрүү.
  • Тарбия жана билим борборунда жана кароосуз калган балдарды реабилитациялоо борборунда жашаган балдар боюнча терең маалымат алуу, жашоо шарттары менен таанышуу, бул борборлор менен тыгыз байланышта иштөө.
  • Материалдык жактан начар үй-бүлөлөргө жардам берүү тууралуу мекеме-уюмдарга кат менен кайрылуу жана мектептеги төлөмдөрдөн жеңилдетип берүү.
  • Ар кандай  көрсөтүлүчү жардамдар жана жеңилдиктер тууралуу маалымат алып, ата-энелерге жеткирүү
  • Мигранттын балдары жана аларды камкордукка алып калган жооптуу адамдар менен тыгыз иш алып баруу.
  • Көзөмөлдө турган жана ар кандай көйгөйлөрү бар окуучулардын үйлөрүнө барып, үй-шарттары, үй-бүлөсү менен жакыныраак таанышуу, акты жазуу.
  • Профилактикалык алдын алуу иштерин жүргүзүү                                                                                                                                                                                                                            Социалдык педагогдун жылдык планы  
  • 5 жылдык соц. анализ
  • Мониторинг соц.абал