Окуу-тарбиялык иштер

Окуу-тарбиялык иштерО.Элебесов атындагы жалпы орто билим берүү мектебинин 2022/2023- окуу жылына түзүлгөн окуу планы Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин 2022-жылдын 5-августундагы №1529/1 буйругу менен бекитилген Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүүчү уюмдарынын Базистик окуу планынын негизинде түзүлдү.

2022-2023-окуу жылына карата Базистик окуу планы Кыргыз Республикасынын     “Билим берүү жөнүндөгү” Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 22-июлундагы №393 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын мектептик жалпы билим берүунүн  мамлекеттик билим берүү стандартарына, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 11-апрелиндеги №201  токтому менен бекитилген  жалпы билим берүү уюмдарында билим берүүнүн шарттарына жана уюштуруусуна коюлган санитардык-эпидемиологиялык талаптарга,ошондой эле билим берүү тармагындагы Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук документтерге ылайык иштелип чыккан.

О.Элебесов атындагы жалпы орто билим берүү мектеби  билим берүүнүн ар бир баскычы үчүн  Мамлекеттик билим берүү стандартына ылайык чектелген окуу жүктөмү менен иш алып барат

Окуу пландары 5ж.       

ОТЖП

Окуу-тарбиялык иштер

О.Элебесов атындагы жалпы орто билим берүү мектеби тарбиялоонун 10 багыты жана » Окуучу жаштарды руханий-адеп ахлактык өнүктүрүү жана дене тарбиялоо» концепциясы боюнча иш алып барат.

                         Тарбиялоо деген эмне?

Тарбиялоо-бул окуучулардын жүрүм-турумуна кѳз салуу, рухий дүйнѳсүн байытуу,патриоттук сезимдерин калыптандыруу.

  Тарбиялоонун принциптери:

1.Адамгерчиликтүүлүк,мээримдүүлүк,гумандуулук принциби

2.Жаратылышка ылайыктуулук принциби

3.Инсанчыл,жекече мамиле жасоо принциби

4.Тарбия ишине инсанчыл,ишмерчил мамиле жасоо принциби

5.Турмуш менен байланыш принциби

6.ϴнүктүрүп тарбиялоо принциби

7.Тарбияларды уюштуруунун кѳп варианттуулугун жана ийкемдүүлүк принциби

8.Коллективде тарбиялоо принциби

9.Үлгүлүү ѳрнѳктѳргѳ таянуу принциби

10.Окутуу жана тарбиялоонун биримдиги принциби

Тарбия иштеринин негизги багыттары:

1.Адеп-ахлактык тарбия

2.Мекенчилдикке тарбиялоо

3.Жарандык тарбия

4.Жаратылышты сүйүүгѳ тарбиялоо

5.Эмгекке тарбиялоо

6.Эстетикалык тарбиялоо

7.Сергек жашоого тарбиялоо

8.Кѳп маданияттуулукка тарбиялоо

9.Баланы,ѳспүрүмдѳрдү,кыз баланы,жаш адамды тарбиялоодо үй-бүлѳнүн ролу

10.Жети акеден алган тарбия

Тарбиялык план