О.Элебесов атындагы жалпы орто билим берүү мектебинде 2017-2018-окуу жылынын сентябрь айында жалпы ата-энелер чогулушунун чечими менен камкорчуларынын»Үмүт»коомдук бирикмеси түзүлдү. 2018-жылдын 8-январында Ысык-Көл областтык юстиция башкармалыгы тарабынан юридикалык мамлекеттик каттоодон өткөң. «Үмүт»коомдук бирикмеси мектептин материалдык-техникалык базасын чыңдоо максатында уюшулган. 2022-2023-окуу жылына чейин 2 телевизор, проектор, интерактивдүү доска, мугалимдер үчүн стулдар, окуучулар үчүн китептерди алып беришти. Актовый залдын ичин жасалгалап беришти. Мектепке жана окуучуларга керектүү буюмдар менен камсыз кылып келишет.
ҮМҮТ коомдук бирикменин күбөлүгү