Мектептин окуучуларынын кеңеши

Окуучулардын кеңеши.

О.Элебесов атындагы жалпы орто билим берүү мектебинде  окуучулардын мектептик Кеңешине 8-11-класстын окуучулары кирет. Окуучулардын Кеңеши чыгармачылык иштердин демилгечиси болуп эсептелет жана класстык окуучулук Кеңештердин иштерин багыттайт.

Мектептик ѳз алдынча башкаруу – ар бир окуучу ѳзүнүн орунун аныктай ала турган, ѳзүнүн мүмкүнчүлүктѳрүн жана шыктарын кѳрсѳтүп колдоно ала турган бирдиктүү жана ѳз алдынча жашоонун ѳтүшүнүн режими. Балдардын коллективинин активдүүлүгүнүн ѳсүшү үчүн чоңдордун жана балдардын ѳз ара мамилелеринин стили чечүүчү ролду ойнойт. Бул жерде балдардын күчүнѳ ишенүү, алардын демилгелерин, ѳз алдынча ишмердүүлүгүн максималдуу колдонууга жана ѳнүктүрүүгѳ умтулуу, коллективдин жашоосундагы бардык маселелерди чечүүдѳгү алардын ѳз алдынчалуулугун тарбиялоо.

Өспүрүмдөр уюму.

О.Элебесов атындагы жалпы орто билим берүү мектебинин «Максат»балдар жана өспүрүмдөр  уюму 1996-жылы 5-октябрда негизделген.Уюм «Жаштык» жана «Бүчүр»баскычтарынан турат.

 Уюмдун девизи:

Эртеңкиге бүгүн кадам

    Уюмдун чакырыгы:

Иштей билиш үчүн,окуй билиш керек.

     Уюмдун максаты:

Максат уюмунун мүчөлөрүнүн жана окуучулардын социалдык укугун коргоо.

«Жаштык»баскычынын лидери:  Эрназарова Амина

«Бүчүр»баскычынын лидери:      Усупова Диана

  Мектептин өзүн-өзү башкаруунун принциптери

1.Тең укуктуулук

2.Тандоочулук

3.Ачык-айкындуулук

4.Мыйзамдуулук

5.Максаттуулук

6.Гумандуулук

7.Жеке ишмердүүлук

8.Жоопкерчилик

   Уюмдун проблемасы:

Окуучуларды өз өлкөсүн терең таанытып,патриоттук сезимин калыптандыруу                                                     жана терең билим алууга чакыруу.

«Максат» балдар жана өспүрүмдөр уюмунун «Жаштык»баскычы упай системасынын негизинде иш алып барат.Жалпы упай системасында 17-статья бар.Упай системасында окуучулардын тазалыгы, формасы, сабактан кечигүүлөрү,коомдук иштерге активдүү катышышы,аймактык,райондук,областтык деңгээлдеги конкурс,олимпиадаларга катышуусу,китептердин абалы,класс кабинеттин абалы ж.б каралып ошол боюнча упайлар берилет жана ошонун негизинде жылдын аягында «Мыкты класс»номинациясы берилет.Упай системасы менен иштөө боюнча ар бир уюмдун  мүчөлөрү кызматтарына жараша иш алып барат жана жума сайын упай системасы боюнча мектеп лидери жыйынтык чыгарып турат.

 

«Максат»балдар жана  өспүрүмдөр уюмунун «Жаштык» баскычынын упай берүү системасында кабыл алынган статьялар.

1-статья- Окуучулардын сабакка келүусү боюн

Эгерде класс толук келсе +100 упай

        Себепсиз калган ар бир окуучудан -10 упай

2-статья- Окуучулардын тазалыгы,формасы,чачтарынын абалы боюнча;

Эгерде класс толук таза келсе +40 упай

Кир келсе -40 упай

Ар бир келген окуучудан -5 упай

Мектеп формасы толук кийген жалпы окуучуга +20 упай,форма кийбеген окуучудан -10 упай                         алынсын.

Кыздардын чачы өрүлбөсө,балдардын чачы өсүп кетсе -20 упай

Чачтарынын абалы класс боюнча жакшы болсо +50 упай

3-статья- Класстын тазалыгы;

Пункт 1.Парталардын абалы

Пункут 2. Чехол,спинкалардын тазалыгы каралат.

Классты жуубай кеткен класстан -60 упай

Жумасына уборкадан кийин ар бир класска +50 упай

4-статья- Сабактан качкандарга ар бир баладан -100 упай

Кечиккендерден 5-10-мин. чейин -50 упай,10 мин.кийин -100 упай,2-сабакка келгендерден 200 упай

5-статья -Маданий массалык иш-чаралардан орун алгандардын жалпы баллынан жарымын кошуп берүү;

1-орунга +300 упай

2-орун    +250 упай

3-орун   +200 упай

Катышпаган класстан -500 упай алынат.

6-статья -Китептердин сабакка алып келиши боюнча;

Китептерди толук алып келген окуучуга +5 упай

Толук алып келсе классына +100 упай

Китептери жок ар бир окуучудан -10 упай

Китептеринин тышы жок болсо -10 упай

7-статья  -Мектептин айланасында,коомдук жайлардан сөгүнгөн окуучудан -100 упай

Рэкет кылган окуучунун классынан -100 упай

8-статья-Мектептен уюлдук телефондорун карматып жиберсе -300 упай классынан алынат.

9-статья- Окуучулардын билимин текшертүү

Пункт 1. Жумасына «2»деген баадан 5 жолу алса класстан -30 упай, «2»деген баалар 5 тен жогору                  болсо -60 упай алынат.

Пукнт 2.Класстан жалпы окуучуулар жумасына «5»деген баадан 20 жолу алса,анда +100 упай кошуп

берилсин.

10-статья— Жумасына класстагы гүлдөрдүн абалы текшерилет(гулдүн саны,гүлдүн багылышы)каралат.Гүлдөрдүн саны 30 дан кем болсо +60 упай,30 дан жогору болсо +100 упай,бир гүлү куурап калса -30 упай.

11-статьяЭмгек биржасы

Минустары көп,тартип бузган класстар эмгек биржасына чыгат.Мектептин ар кандай жумуштарын жасап,упай кошо алышат,Жөнөкөй жумуш болсо +150 упай кошулат.Орчундуу жумуш болсо +500 упай кошулат.

12-статья- Окуучулардын билим сапатын текшерүү боюнча;

Пункт 1.Аймактык олимпиададан орун алган ар бир окуучуга +150 упай,райондон орун алса ар бир окуучуга +200 упай,областтан алса +300 упай кошуп берүү

Пункт 2.НЦТ ж.б.тесттерге барып,жогорку балл алгандарга +100 упай кошуп берүү

13-статья-Чейрек ичинде отличник окуучунун ар бирине +200 упай,ударниктерге ар бирине +100 упай.

14-статья-Парламенттин мүчөсү иштебесе,ар бир парламент мүчөсүнөн -100 упай,жакшы иштесе +100 упай кошуп берүү.

15-статья-Мектеп ичинде предмет боюнча өтүлгөн иш-чараларга активдүү катышкан окуучулар орун алышса +100 упай

16-статья-Пункт 1. Субботник чарбалык иштерге себепсиз катышпаган ар бир окуучудан -100 упай алынсын.Пункт 2. Кайрымдуулук иштерин аткарбагандарга кайрымдуулук тобунан -50 упай,жакшы иштегендерге +50 упай

17-статья- Дене тарбия сабагына форма кийбеген окуучудан -20 упай алынат,толук формасы болсо ар бир окуучуга +5 упай кошулат.