Осмонова Толкун Туратбековна

Англис тил мугалими

 

 

1980-жылы 12-июлда Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун Чоң-Сары-Ой айылында төрөлгөн. 1997-жылы Чоң-Сары-Ой орто мектебин ийгиликтүү аяктаган. 1997-жылы Каракол шаарындагы К.Тыныстанов атындагы ЫМУга тапшырып, 2002-жылы ийгиликтүү аяктаган. Эмгек жолу  Бишкек шаарындагы №38-мектеп гимназиясында башталган. 2004-жылы Бостери айылындагы Х. Жээнбаев атындагы орто мектебинде иштеп жатып « Жаш мугалимдердин депозити» конкурсунун жеңүүчүсү болуп табылган. Осмон Элебесов атындагы жалпы орто билим берүү мектебинде 2018-жылдан бери эмгектенет. 2007- жылында Ысык-Көл райондук билим берүү бөлүмүнүн грамотасы, 2018- жылында Ак-Суу райондук билим берүү бөлүмүнүн алкыш баракчасы,  2021- жылы Осмон Элебесов атындагы орто билим берүү мектебинин ардак грамотасы менен сыйланган.