1963-жылы 7-ноябрда Ысык-Көл областынын Ак-Суу районундагы
Ново-Вознесеновка айылында төрөлгөн. 1983-1988-жылдары СССРдин 50жылдыгы атындагы Кыргыз Мамлекеттик Университетинин чет тилдер факультетинде окуган.
Азыркы учурда Ак-Суу районундагы О.Элебесов атындагы жалпы орто билим берүү мектебинин Пионер айылындагы филиалынын жетекчиси жана англис тили мугалими болуп 35 жылдан бери эмгектенип келүүдө.
2017-жылы КР Билим берүү министрлигинин «Ардак грамотасы»
менен жана 2022-жылы «Ардактуу мугалим» төш белгиси менен сыйланган.
Максаты: Окуучуларга татыктуу билим-тарбия берүү менен англис тилинде эркин сүйлөөгө жана аны турмушта колдоно билүүгө үйрөтүү.