Мамлекеттик тил күнү белгиленди
23-сентябрь мамлекеттик тил күнүндө кыргыз тилине арналган майрамдык, маданий иш-чаралар, сынактар, ачык сабактар, кечелер, дебат, конференция, таймаштар ж.б өткөрүлүп келет. Андан сырткары 15-сентябрдан 15-октябрга чейин бир айлык ичинде атайын түзүлгөн план менен иштер жүрүп, окуучуларыбыз тилибиздин кадырын көтөрүүгө,руханий байлыгыбызды сактоого, анын өнүгүшүнө салымдарын кошууга багыт алып,адептик-руханий жактан тарбияланышат. Ошону менен бирге эле кыргыз элинин баалуулуктарын, улуттук нарктарын бийик баалап,улам кийинки муунга өткөрүп берүу милдет экенин туюп билишет.
Комментарии