О нас

Мектептин тарыхы

О.Элебесов атындагы жалпы  орто билим берүү мектеби 1970-жылы ОШ-60 тибинде щитовой, щифер менен жабылган,сыйымдуулугу 160 орундук болуп салынган. Алгач 1970-жылы  Улуу Октябрдын 60 жылдыгы атындагы  8-жылдык  мектеби болуп ишке киргизилген. 1989- жылы ушул эле мектеп 10-жылдык мектеп болгон. Ак-Суу райондук мамлекттик администрациясынын  1992-жылдын 17-ноябрдагы токтомунун негизинде жана эл депуттатарынын Кереге-Таш айылдык кенешинин 21- чакырылышынын кезексиз 11 -сессиясынын 1992-жылдын 19-ноябрдагы чечиминин негизинде мектепке Осмон Элебесовдун ысымы ыйгарылган. Ошондон кийин 1992-жылдан тартып  О.Элебесов атындагы  жалпы орто  билим берүү мектеби болгон.  Элебесов Осмон 1895-жылы Чоӊ Жергез айылында орто чарба үй-бүлөдө  туулган. Ал алгачкы интеллигент, өз айылына чоӊ салым кошкон белгилүү инсан болгон. Билимдин зор маанисин түшүнүп, Чоӊ Жергездеги өзүнүн үйүн башталгыч мектеп кылып балдарды окутууга берген.Ал эми айылындагы тири карак бир топ балдарды Каракол шаарынан билим алуусуна түрткү болуп,өз үйүнө жаткызып окуткан.Мектепке кийин 1987-1988-жылы кошумча эки бөлмө курулган.Ал жер азыркы убакта актовый зал жана мектеп ашканасы болууда. Мектептин жылытуу системасы электр менен. 2013-жылы Пионер айылына 1-4-класстар үчүн мектептин филиалы ачылган. Ал жерде 1-4-класска чейин окуп, 5-класстан баштап Ново–Константиновка айылындагы мектепте окушат.

 

Мектептин миссиясы

Мамлекеттик стандарттык программаларды толук өздөштүргөн билимдүү,компетенттүү, мекенчил бүтүрүүчүлөрдү тарбиялоо.

 

Мектептин милдети

Турмуштук жана кесиптик жактан ыкчамдуу инсанды калыптандырууга багытталган мектептин окуучуларынын билимдеринин заманбап сапатын камсыз кылуу.